00:31
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Чемпиондор лигасы. «Боруссия» жарым финалга чыкты

Getty Images
Фото Getty Images. «Боруссиянын» оюнчулары

«Боруссия» (Дортмунд) Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыкты. Экинчи беттеште ал кайрадан Франциянын «Пари Сен-Жермен» командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

Жалгыз голду 50-мүнөттө Матс Хуммелс киргизди.

Эки беттештин жыйынтыгы боюнча «Боруссия» (Дортмунд) 2: 0 эсебинде алдыга озуп чыкты.

Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши 1-июнда Лондондо өтөт. Жарым финалга дагы кайсы команда чыгары бүгүн кечинде боло турган «Бавария» (Мюнхен) менен «Реал Мадриддин» (Мадрид) ортосундагы оюндан кийин белгилүү болот. Биринчи беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Испан командасы өз талаасында ойнойт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума