«Боруссия» (Дортмунд) Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыкты. Экинчи беттеште ал кайрадан Франциянын «Пари Сен-Жермен» командасын 1:0 эсебинде утуп алды.
Жалгыз голду 50-мүнөттө Матс Хуммелс киргизди.
Эки беттештин жыйынтыгы боюнча «Боруссия» (Дортмунд) 2: 0 эсебинде алдыга озуп чыкты.
Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши 1-июнда Лондондо өтөт. Жарым финалга дагы кайсы команда чыгары бүгүн кечинде боло турган «Бавария» (Мюнхен) менен «Реал Мадриддин» (Мадрид) ортосундагы оюндан кийин белгилүү болот. Биринчи беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Испан командасы өз талаасында ойнойт.