19:42
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Сергей Лавров Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Минскте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары менен жолугушат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«12-апрелде Минскте өтө турган КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунун алкагында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россиянын жана Борбор Азия мамлекеттеринин — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын жетинчи жолугушуусуна катышат», — деп айтылат маалыматта.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги жолугушуунун катышуучулары 2022-жылдын 14-октябрында Астанада өткөн Россия — Борбор Азия саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулай турганын билдирди.

«Ошондой эле негизги эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашуу болжолдонууда. Өзгөчө көңүл экологиялык маселелерге жана бул маанилүү чөйрөдөгү кызматташтыктын келечегине бурулат», — деп жыйынтыктады министрлик.

Эң көп окулган жаңылыктар