Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Азербайжандын ТИМ башчысы кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 8-9-апрелде Кыргызстанга келет.
Эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.