14:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖЭБдеги авария. Жабыркагандар айыгуу стадиясында

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын жана аскердик тик учактын кыйрашынын кесепетинен жабыркаган төрт жаран Аданадагы түрк клиникасында дарыланышууда. Алардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда.

Тик учактын кулашынан жабыркаган эки жаран пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат.

«Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Аталган маселе министрликтин жана тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө турат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулган. Бишкекте жылуулук жана ысык суу толугу менен 7-февралда бериле баштаган. 9-февралда республикалык штаб объекттеги авариянын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганын билдирген.

17-январда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кулап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10у жабыркаган. Окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар