21:14
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Полиция Москвадагы кыргыз элчисинин кеңешчисинин үйүн мыйзамсыз тинтүүгө алды

Милиция кызматкерлери Москвадагы кыргыз дипломатынын үйүн мыйзамсыз тинтүүгө алышты. Бул тууралуу «ВЧК-ОГПУ» Telegram-каналы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде ИИМдин эки кызматкери Кыргызстандын Россиядагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун Москвадагы үйүнө Орусиянын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун текшерүү максатында барышкан.

Маалыматка караганда, күч кызматкерлери эшикти талкалап, миграциялык каттоо бланкын көрсөтүүнү талап кылышкан.

«Диппаспортторду жана карточкаларды көрсөткөндөн кийин да полиция кызматкерлери агрессивдүү түрдө миграциялык каттоо жөнүндө документтерди талап кылууну улантышкан. Окуя учурунда дипломаттын жубайынын денесине залал келтирилген жана анын жашы жете элек балдарына психологиялык зыян келтирилген», — деп белгилейт Telegram-канал.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан.  Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, терактта 145 киши каза болду. Жалпысынан 11 шектүү камакка алынды.

Окуядан кийин орус бийлиги мигранттарга көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлдөрү Москвада башка улуттун өкүлдөрүнө карата ксенофобия күчөгөнүн билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар