22:36
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргызстандын 20га жакын жараны Шереметьево аэропортунда өтө албай турат

Тышкы иштер министрлиги учурда Кыргызстандын 20га жакын жараны Шереметьево аэропортунун транзиттик зонасында экенин, алар ар кандай себептерден улам паспорттук көзөмөлдөн өтө албай турганын билдирди.

Мекеме белгилегендей, ТИМ Москвадагы кыргыз элчилиги менен биргеликте кырдаалды көзөмөлдөп жатат.

«Алар элчиликтин ишеним телефонуна тамак-аш уюштуруу маселеси боюнча кайрылышкан, ал ыкчам түрдө чечилди. Учурда аларды жакынкы каттамдар менен Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар