01:32
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргызстандын элчиси АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары менен жолугушту

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы адам укуктары, демократияны өнүктүрүү жана жакында кабыл алынган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам боюнча пикир алмашуу болду. Элчи Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

«Өз кезегинде Узра Зея Кыргызстан дайыма демократиялык принциптерди туу тутуп келгендиги менен өзгөчөлөнгөндүгүнө токтолуп, адам укугу жана демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү жаатында кызматташууга даяр экенин ырастады», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар