USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

ТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш аймагына барбай турууга чакырды

13:20, 19 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын ал жакка барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ошол эле учурда, жогоруда аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандар кырдаал турукташканга чейин өз коопсуздуктары үчүн чараларды күчөтүүсү зарыл.

Бул өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же консультация алуу үчүн элчиликтердин шашылыш байланыш телефондоруна кайрыла алышат.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: +905456896800;
  • Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилиги: +966583769945;
  • Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги: +989352505226;
  • Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги: +96525359951.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика