02:09
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ЖМК жана интернеттеги жалаа, мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушталууда

Маданият, маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги Укук бузуулар жөнүндө кодексин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта же интернет тармагындагы баракчаларда башка адамдарга жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти караган жаңы берене менен толуктоону сунуштап жатат. Мекеме мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, долбоор министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыккан. Долбоордун максаты жана милдети жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана укук системасынын алкагында адилеттүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.

Министрлик азыркы учурда сөз эркиндиги маселелери маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү контекстинде барган сайын актуалдуу болуп баратканын белгиледи. Ошол эле учурда ар кандай жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет ресурстары аркылуу билип туруп жалган маалыматтардын таралышы жана мазактоо учурларынын көбөйүшү байкалууда. Бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдар аралык мамилелерге коркунуч жаратат.

 Мекеме жарандык мыйзамдар жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-платформаларда мазактоо жана атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу учурларына жетиштүү түрдө натыйжалуу жооп кайтарбай турганын жазган.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте жайылган мазактоо жана басынтуу жалпы коомго терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул чыр-чатактын күчөшүнө, адамдар арасындагы мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Жалаа жана жалган айыптоолор маалыматка жана ЖМКга болгон ишенимге зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан жалаа жөнүндө беренени киргизүү коомдук дискурстун сапатын жана ишенимдүүлүгүн сактоого, маалыматка болгон элдин ишенимин коргоого жардам берет», — деп айтылат негиздемеде.

Маданият министрлиги кодексти «Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-сайтта же интернет-сайттын баракчасында камтылган жалаа жана мазактоо» беренеси менен толуктап, төмөнкүдөй жаза киргизүүнү сунуштап жатат:

  • Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган кемсинтүү, башкача айтканда башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү — жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууну;
  • Жалаа жабуу, башкача айтканда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет тармагындагы сайттын баракчасында башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды билип туруп таратуу — жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыпка жыгууну.

Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга — Маданият министрлигине берүү сунушталууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар