18:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Москвадагы кол салуу. Орус өкмөтү мигранттарга көзөмөлдү күчөтөт

«Крокус Сити Холл» концерттик залындагы теракттан кийин орус өкмөтү мигранттарга көзөмөлдү күчөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча парламенттик комитеттин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Ал Орусиянын федералдык миграция мыйзамдарында өзгөртүүлөр болорун белгиледи.

«3-апрелде Вячеслав Володиндин демилгеси менен (Россиянын Мамдумасынын төрагасы) миграциялык мыйзамдарды күчөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөнү жатат», — деди Бакыт Дарманкул уулу.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан. Теракттан 143 адам каза болуп, дагы 360 адам жабыркаган. Кылмыш иши боюнча тогуз шектүү, анын ичинде концерттик залда кол салууга катышкандар камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар