17:07
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

WP: АКШ «Крокуста» теракт болушу ыктымалдыгын Орусияга эки апта мурда эскерткен

АКШнын март айынын башында Орусияда террордук чабуулдар жасалашы мүмкүндүгү тууралуу эскертүүлөрүндө ыктымал бута катары «Крокус Сити Холл» концерттик борбору да аталган.

Бул тууралуу 2-апрелде The Washington Post атын атабаган америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап жазды.

«Эскертүүнүн жогорку деңгээлдеги тактыгы Вашингтон «Ислам мамлекети» тобу көп жай тургун үчүн коркунуч жаратуучу кол салуу даярдап жатканы жөнүндө кабардар болгондугун белгилөөдө. Мындай тактык АКШнын эскертүүсү өтө эле жалпы мүнөздө болгону, терактты алдын алууга жардам бере алмак эместиги тууралуу Москванын билдирүүлөрүнө каршы келүүдө», — деп белгиленди макалада.

Басылма билдиргендей, теракт ыктымалдыгы жөнүндөгү маалыматты америкалык атайын кызмат Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) 6-мартта берген.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында «Крокус Сити Холл» борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. 3-апрелге карата маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар кеминде 380 адам. Кылмышка шектүү катары он киши камакка алынды. Алардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топ алган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү терактты дал ушул уюм уюштурган деген пикирде. Ал эми Орусия өзү Украинадан көрүүдө. Украина эч тиешеси жок экенин айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар