Быйыл Кыргызстанда Орозо айт 10-апрелде белгиленет. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Муфтият 9-апрелде ыйык Рамазан айы аяктап, 10-апрелде Орозо айт майрамынын биринчи күнү башталарын белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-мартта ыйык Рамазан айы башталган. Ал эми Кадыр түн 6-апрелге караган түнү болот.