11:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кайра шайлоо. Талапкерлердин документтери 28-мартка чейин кабыл алынат

№ 2 Баткен, № 9 Кара-Суу жана № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуну каалаган жарандардын документтери 28-март саат 00.00гө чейин кабыл алынат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Боршайком 25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар Кыргызстандын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана аларын кошумчалады.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышууну каалаган жаран БШКга талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арыз берет (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде). Эгер саясий уюмдан көрсөтүлгөн болсо, бул партиянын съездинин чечими аркылуу жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт.

Талапкер бир шайлоо округунан гана көрсөтүлөт.

Талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди 31-март саат 18.00гө чейин бериши керек.

БШКнын маалыматы боюнча, 26-март саат 10: 00гө карата Ош округу боюнча 1, Кара-Суу округу боюнча 10, Баткен округу боюнча 9 талапкерден арыз түштү.

Эске салсак, 28-апрелде Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот. Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондон кийин мандаттар бош калган.

Эң көп окулган жаңылыктар