05:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Рамазан айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөт

Рамазан айы учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери мечиттердин айланасында жол коопсуздугун камсыздап беришет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кызматерлер жума жана таравих намазы учурларында жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салышат.

Максат — орозо учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздап, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.

Иш-чарага элдик кошуундар жана ыктыярчылар катышат. Бул бир айлык иш-чара ЖКККББ тарабынан өлкө аймагындагы жол тыгындары көп кездешкен мечиттердин айланасында улантылат.

«Урматтуу жарандар, жума намазга жана кечкисин таравих намазга барган учурда унааңыздарды туура жерлерге токтотууну, башка жол кыймылынын катышуучуларына жана мечиттердин айланасында жашаган тургундарга да ыңгайсыз абалдарды жаратпооңуздарды өтүнөбүз», — деп кайрылды башкармалык.

Эң көп окулган жаңылыктар