10:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эвакуатордон мотоциклди айдап качып кеткен адамга издөө жарыяланды

Эвакуатордон мотоциклди айдап качып кеткен адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымына, 25-июлда «Чекиш-Ата» базарынан алыс эмес аймакта жолдун жээгинде ээси жок мотоцикл токтотулганы тууралуу маалымат түшкөн.

Транспорт каражатын айып короого киргизүү чечими кабыл алынып, эвакуатор чакырылган. Бирок жолдон мотоциклди белгисиз адам айдап качып кеткен.⠀

Эске сала кетсек, буга чейин күбөлөр белгисиз эркек киши эвакуатордо айып короого жүктөлүп бара жаткан мотоциклди айдап из жашырып кеткенин билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума