USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Бир жумада мас абалында унаа башкарган 500гө жакын айдоочу кармалды

15:20, 04 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир жумада мас абалында унаа башкарган 500гө жакын айдоочуну кармады. Мекеменин маалыматы боюнча, жети күндүн ичинде 20 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Маалыматта белгиленгендей, алардын ичинде:

  • тийиштүү документи жок унаа башкарган — 386;
  • автоунаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу — 63;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу — 1миң 136;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 миң 964;
  • автоээнбаштык — 12;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 миң 980;
  • жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 4;
  • башка эреже бузуулар — 11 миң 723 учур;
  • 1 миң 863 автоунаа айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика