Штефан Таркович жетектеген машыктыруучулар штабы команданын Кытай Тайбэйине каршы ойной турган курамын жарыялады. Бул тууралуу кураманын социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.
Оюндар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионата тандоо турунун алкагында 21-мартта конокто жана 26-мартта Бишкекте өтөт.
Кыргызстандын курама командасына 28 оюнчу чакырылды. Ар бир оюнга 23 футболчу катыша алат.