05:09
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жаңыл Алыбаева эмгек министринин орун басары кызматынан бошотулду

Жаңыл Алыбаева эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңыл Алыбаева министрликте 2021-жылдын 17-октябрынан баштап иштеген. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, гендердик саясат, мамлекеттик социалдык колдоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү маселелерин көзөмөлдөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар