21:19
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кемпир-Абад иши. Камалгандары бошотуу талабы менен митинг өттү

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүн абактан бошотуу талабы менен митинг өттү.

«Акыйкаттык жана азаттык» тынчтык митингинин катышуучулары өлкөдө акыйкаттык менен эркиндикти, сот реформасын ишке ашыруу менен соттордун көз-карандысыздыгын камсыз кылууну суранышат.

Митингчилер Жалпыга маалымдоо каражаттарына басым көрсөтүүнү токтотуу, журналист Болот Темировдун жарандыгын кайтаруу менен аны кайра өлкөгө алып келүү талабын коюшту.

Андан тышкары, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп камалгандарды бошотуу айтылды.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар