21:38
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары кызматынан кетти

Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маил Алияскаров кызмат ордуна 2023-жылдын август айында дайындалган. 2006-жылдан бери айыл чарба тармагында иштеген. 2021-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болгон.

Ошондой эле Айнура Туйбаева айыл чарба министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду. Ал эми Мурат Раматов министрдин биринчи орун басары кызматынан кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар