05:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ажылык-2024. Муфтият быйыл Меккеге сапардын баасы канча болорун маалымдады

2024-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3 миң 750 долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирди.

Буга чейин 2 миң долларын төлөгөн жарандар 27-февралдан 4-мартка чейин «РСК Банкка» калган 1 миң 750 долларын төлөшү керек.

Эскерте кетсек, 2023-жылы кыргызстандыктар ажылык сапар үчүн 3,9 миң доллардан төлөшкөн. 2022-жылы бул 4,5 миң долларды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар