20:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Душанбеде ондогон зыяратчы ажылык үчүн Сауд Арабиясына уча албай турат

22-июнда Душанбеде ажылыкка барууну каалаган ондогон адам тажик өкмөтүнө караштуу Дин, улуттук каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды ирээтке келтирүү боюнча комитеттин имаратынын алдына чогулду.

Алар бардык документтерин топтоп, зарыл болгон сумманы төлөп коюшканын, бирок ысымдары зыяратчылардын тизмесине кошулбай калганын билдирүүдө.

«Биздин Деваштич районунан Душанбеге келгенибизге беш күн болду. Бизге аты-жөнүбүз тизмеге эртеси эле кошуларын айтышкан. Бирок биз илинген тизмеден өз ысымыбызды тапкан жокпуз. Жиддага 20-июнда эле учуп кетишибиз керек болчу. Азыр кийинки тизмени күтүп жатабыз», — деди өзүн Саидмуъмин Саидов деп тааныштырган жаран.

Алгачкы тажик зыяратчылары Исламдын ыйык жайларына 10-июнда учуп кетишкен. Быйыл аларды тажикстандык «Сомон Эйр» жана саудиялык Flynas авиакомпаниялары тейлей турганы кабарланган.

Өкмөткө караштуу Дин, улуттук каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды ирээтке келтирүү боюнча комитеттен билдиришкендей, зыяратчыларды жөнөтүүдөгү маселе саудиялык авиакомпаниянын каттамдарынын кармалып жатканына байланыштуу.

«Тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Бардык катталган жарандар ажылыкка быйыл барышат. Сауд Арабиясы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алгандан кийин ажылыкка барууну каалагандардын саны көбөйүп, бул Жидда эл аралык аэропортундагы каттамдардын графигине таасир этүүдө», — деди мекеменин расмий өкүлү Афшин Муким.

Ажылык — исламдын беш парзынын бири. Ислам дининин таалимдери боюнча ажылыкка мүмкүнчүлүгү бар ар бир мусулман өмүрүндө жок дегенде бир жолу барышы керек.

Быйыл Сауд Арабиясы Тажикстанга негизги ажылыкка 7 миң квота бөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар