17:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2024-жылы боло турган ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлүндү

2024-жылы боло турган ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Кыргызстан муфтиятынын ажылык штабынын жетекчиси Самидин кары Атабаев, ажылыкты уюштуруу башкармалыгынын директору Жолдошбек Абдылдаев жана бөлүмдүн адиси Дастан Нукуновдун Сауд Аравия министрлигинин ажылыкты уюштуруу башкармалыгынын башчысы Бадир Ал-Сулами менен жолугушуусунда кабыл алынды.

Бадир Аль-Суллами кабыл алуучу тарап Кыргызстанда ажылыктын уюштурулушуна канааттанганын билдирди.

Эскерте кетсек, ажыга баруучуларды каттоо 9-ноябрда башталып, 20-ноябрга чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар