09:06
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнүн дарбазасына мөөр басылды

Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү үйдүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мөөр басып кетти.

Учурда атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр кагаз дарбазада чапталып турат. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдирди. Үй Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан.

Матраимов өзү же анын жакындары бул боюнча комментарий бере элек.

Матраимовго тиешелүү деп айтылган Оштогу JAMBY бизнес борбору да жакында эле жабылып, кайра иштей баштаганын ошол жерде эмгектенген бир канча адам тастыктады. Бирок ал кандай себептер менен жабылып, ачылганы тууралуу расмий маалымат чыккан эмес.

Январда Ош мэриясы Матраимовдун үйүнүн тосмолору мыйзамдуу аянтынан 9 метр чыгып кеткенин айтып, дубалдарын бузган. Анда Муниципалдык менчик башкармалыгы үйдүн тосмосу турган 9 метр жер мамлекетке тиешелүү экенин билдирген. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү бергени белгилүү болгон.

Январь айында УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренесинин «Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө» бөлүгү менен айып коюлган.

Ал эми өткөн жумада атайын кызмат Райымбек Матраимовдун 34 миллион 810 миң 500 долларлык (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирген.

Былтыр УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө «мафия түзгөн» деп айыптаган.

Матраимов акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Анын азыр кайсыл жакта экени белгисиз.

2021-жылы да УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар