18:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды

Жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканалары жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү. Анда жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралды.

Жыйында коомдук транспорттун беш айдоочусу жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн жумуштан четтетилип, үч айдоочу 100 пайыз сый акысынан ажыратылгандыгы айтылды.

Мындан тышкары, накталай эмес төлөм системасына толук өтүүдө пландын аткарылышы туралуу маселе көтөрүлүп, жүргүнчүлөрдөн накталай эмес төлөм жүгүртүүсүн талап кылуу, айдоочуларга коюлган баардык талаптарды жана эрежелерди сактоо талкууланды.

Жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.

Эң көп окулган жаңылыктар