16:25
USD 87.45
EUR 102.88
RUB 1.17

Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагын өтөт

Кыргыз улуттук «Манас» театры таланттуу жаш манасчыларды аныктоо жана колдоо максатында республикалык кароо-сынагын өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кароо-сынактын негизги максаты — улуу Манас эпосу аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле жаш муундун чыгармачылык потенциалын ачуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Сынакка республиканын бардык аймактарынан буга чейинки тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн жаш манасчылар катышат. Финалдык турда алар өз өнөрлөрүн тартуулап, мыктылар аныкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар