13:08
USD 87.45
EUR 103.14
RUB 1.15

Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

23-апрелде Бишкек мамлекеттик университетинде бош орундар жарманкеси өтөт. Бул туурлуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жалпы сунушталган бош орундардын саны 5 миңден ашып, өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникациялар сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:

  • иш берүүчүлөр менен түз маектешүү;
  • ишке орношуу боюнча кеңештер;
  • резюме түзүүгө жардам;
  • эмгек рыногунун абалы жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтар;
  • такшалма жана кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат.

Мындан тышкары, мектеп окуучулары үчүн кесип тандоого көмөктөшүүчү тесттер, оюндар жана викториналар уюштурулат.

Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет.

Иш-чаранын максаты — жарандарды жумушка орноштуруу, окуу жайлар менен байланышты чыңдоо жана эмгек рыногу тууралуу маалымат берүү.

Эң көп окулган жаңылыктар