17:13
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

«Болот» базарынын ээсинин үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды

«Болот» соода-базар комплексинин ээси курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы аныкталды. Бул жөнүңдө УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгиленгендей, 2-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын облусунун Кочкор районундагы «Болот» соода-базар комплексинин ээси — Кочкор райондук кеңешинин мурдагы депутаты Б.Б. жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда МП-155 үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, Калашников автоматынан 5×45 калибриндеги ок-дарылары жана ошондой эле «Болот» соода-базар комплексинине тиешелүү документтер, Б.Б.нын наамына берилген ИИМ кызматкеринин 2 күбөлүгү жана Кочкор айылдык кеңешинин депутатынын бир күбөлүгү, ИИМде катталган 2006-жылкы «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту табылып алынган.

2024-жылдын январь айында «Болот» соода-базары комплексинин администрациясы тарабынан алдамчылык фактылары аныкталган. Аталган Б.Б. сатуу-сатып алуу келишимин жана башка укуктук документтерди түзбөстөн, ишкерлерге соода жайларын (40 тонналык контейнердин төрттөн бир бөлүгүн, аянты болжол менен 7,5 чарчы метр) 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин сатып жибергендиги ачыкталган.

«Б.Б. коммерциялык жайларды сатканына карабастан, карамагында бүтүндөй базардын жер тилкелери бар деген шылтоо менен контейнерлерди (соода жайларын) сатып алган ишкерлерден ижара акысын өндүрүүнү уланткан», — деп билдирди УКМК.

Мындан тышкары, жеке контейнерлер кандайдыр бир себептер менен бош туруп калган учурда, ишкерлерден ижара акысын алуу улантылган. Андан соң Б.Б. ижарага карызын топтоп жатат деген шылтоо менен ишкерлерден контейнерлерди тартып алып, соодагерлер бул соода түйүндөрүндө сатып алуу үчүн акча төлөп жаткандыгына көңүл бурбастан, өзүм билемдик менен кайра сатып же башкаларга ижарага берген.

Натыйжада соода жайларынын мурдагы ээлери контейнерлерден, ошондой эле компенсация катары каражат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.

Ишкерлердин базар жетекчилигине сатып алуу-сатуу келишимин түзүү же инвестицияланган каражатты кайтарып берүү өтүнүчү боюнча Б.Б. коркутуу жана агрессивдүү реакция менен жооп кайтарган. Аталган соода комплекстеринде ишкерлердин нормалдуу иштеши үчүн зарыл шарттар түзүлгөн эмес. Соода жана оюн-зоок комплексинде айрым оңдоолор ишкерлерден кошумча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен гана жүргүзүлгөн.

Бул боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар