08:59
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

ЖЭБдеги авария. Учурда тогуз отказан жана төрт турбоагрегат иштеп жатат

Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 мегаватт, тогуз отказан агрегаты жана төрт турбоагрегат иштеп жатат. Бул тууралуу республикалык медиа штаб билдирди.

Берилген суунун жана жылуулуктун температурасы 53 градустан 68 градуска чейин. Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда. Бүгүнкү күндө бардык үйлөр жылуулукка кошулган.

«Муздаткычтын параметрлери нормалдаштырылган аймактарга ысык суу кошулуусу акырындык менен улантылат. Бишкек ЖЭБден чыккан температура бир топ жакшырып, жылуулук менен камсыздоо жакшыра баштады», — деп айтылат маалыматта.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума