02:00
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги: жер титирөөдөн кийин кайрылгандар болгон жок

Кыргызстанда жер титирөөдөн кийин ооруканага кайрылгандар болгон жок. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, өткөн түнү Кытай менен Кыргызстандын чек арасында алты жолу жер титиреди. Алгачкысы 8 баллга жетип, Кыргызстанда 3 баллдан 6 баллга чейин сезилди.

Жер титирөө Алматыда да катталды. Казакстандын маалымат каражаттары билдиргендей, 44 адам жабыркаган. Жарандар жеңил жана орто жаракаттын ар кандай түрлөрү менен ооруканага кайрылышкан. Үч киши жана беш бала ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Буга чейин сегиз адам жер титирегенде терезеден секирип,  үйдөн сыртка чуркап баратып, жаракат алганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума