Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 681,54 сомду түздү. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети келтирет.
Бул 2023-жылдын үчүнчү кварталынын деңгээлинен 75 сомго жана 2022-жылга караганда 503,22 сомго жогору.
Жашоо минимумунун структурасынын негизги бөлүгүн азык-түлүктөр ээлейт — 65 пайыз.
Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму 8 миң 579,26 сомду, пенсионерлердики 6 миң 816,47 сомду, балдардыкы 6 миң 544,88 сомду түздү
Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (7 миң 931,77 сом) жана Бишкекте (7 миң 901,14 сом), эң төмөнү Талас облусунда (7 миң 129,69 сом).