13-январдан баштап Бишкектеги эки көчө бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда.
- Раззаков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө);
- Орозбеков көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө) бир тараптуу болот.
Эске салсак, 2023-жылдын 27-декабрынан баштап Гоголь көчөсүндөгү жол тилкеси Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө), Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө), ал эми 6-январдан тарта Турусбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө), Үмөталиев көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түндүктөн түштүккө) бир тараптуу болгон.
Буга чейин 8 көчөдө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, эки көчө эки тараптуу болору билдирилген. Бардык иштерди 14-январга чейин бүтүрүү пландалууда.