21:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектеги Киев көчөсү унаа кыймылы үчүн убактылуу эки багыттуу болот

Бишкектеги Киев көчөсү унаа кыймылы үчүн убактылуу эки багыттуу болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-августтан тарта Москва көчөсүнүн Манас кең көчөсүнөн Жаш Гвардия Бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Оңдоо иштери 28-августка чейин жүргүзүлөт.

Мындан улам, троллейбустук каттамдардын кыймылынын схемасы убактылуу өзгөрөт. Ошондой эле кичи автобустар № 102, 110, 195, 204, 213, 222, 265, 266, 269 жана 295тин каттамы өзгөрөт. Алар Чүй жана Киев көчөсү аркылуу каттайт. Киев көчөсүнүн Манас проспектисинен Бейшеналиевага чейинки бөлүгү айдын акырына чейин 2 багыттуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума