23:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Башкы прокуратура кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишин да кайра тергей баштады

Башкы прокуратура кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишин да кайра тергей баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органын жетекчиси Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште жылдык отчет учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын январь айында сотко чейинки тергөө башталган.

Башкы прокурор депутаттын суроосуна жооп берип жатып, мурдакы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди тергөөгө чакыруу планга киргизилгенин белгиледи.

Азиз Батукаев 2013-жылы Нарында жаткан абакта саламаттыгына байланыштуу бошотулган. Ал ошол күнү паспорт алып, «Манас» аэропорту аркылуу Чечняга учуп кеткен. «Өлөрүнө эки жума калды» деген кримтөбөл учурда сак саламатта кылмыштуу дүйнөнү башкарып келүүдө. Анын кримтобу Кыргызстанда да иш алып барат.

Эң көп окулган жаңылыктар