13:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Коомдук ишмер, өлкөнүн эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов каза болду

Узакка созулган оорудан кийин 79 жаш курагында мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов каза болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган. 1969-жылы Ташкент политехникалык институтун аяктап, «инженер куруучу — технолог» адистигин алган.

Жеңишбек Бекболотов мамлекеттик кызматта катардагы заводдун мастеринен тартып өкмөттүн мүчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына чейинки узак эмгек жолун басып өткөн.

1986-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Эл депутаттары Кеңешинин Ош аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

1990-жылдан 1994-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын «Легендарлуу парламенттин» депутаты болуп шайланган.

1996-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын суу чарба министри кызматын аркалаган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун администрациясынын башчысы — акими болуп иштеген.

Техникалык илимдердин кандидаты, курулуш, ирригацияда жана суу пайдалануу чөйрөсүндө илимий эмгектердин жана көптөгөн ойлоп табуулардын автору болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен, анын ичинен «СССР элдеринин достугу» ордени, «Даңк» медалы, «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери» наамы менен сыйланган. Кыргызстандын техника жана илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар