22:33
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкек эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кечээ Бишкек эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу фестивалдын Instagram баракчасында маалымдалды.

Кечээ Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында фестивалдын жабылышы жана сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» тасмасы улуттук конкурстун жеңүүчүсү аталды.

«Эрмен жыты» тасмасы менен Айбек Дайырбеков мыкты режиссер болду. Ал эми мыкты актер наамын режиссер Эмил Атагелдиевдин «Көл» тасмасында роль жараткан Артык Сүйүндүков алды.

Мыкты көркөм аткаруу номинациясында режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасындагы оператордук иши үчүн Акжол Бекболотов жеңди. Эрнест Абдыжапарвдун «Сагынбай манасчы» фильмине атайын сыйлык ыйгарылды.

Өзбекстандык режиссер Шокир Холиковдун «Жекшемби» тасмасы мыкты тасма деп табылды.

Актан Арым Кубат «Эсимде» тасмасы менен мыкты режиссер болсо, режиссер Михаил Кулунаковдун «Чыйыр» тасмасындагы ролу үчүн Лия Санаа мыкты актриса сыйлыгына ээ болду.

Ал эми калыстар тобунун байгеси казакстандык режиссер Кенжебек Шайкаковдун «Айгай» тасмасына ыйгарылды.

24.kg — эл аралык Бишкек кинофестивалынын маалыматтык өнөктөшү.

Эң көп окулган жаңылыктар