16:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан Россияга унаа экспорттогон лидер өлкөлөрдүн катарына кирди

2023-жылдын 10 айында Россияга 889,4 миң жеңил унаа импорттолгон — бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 эсе көп. Мындай маалыматтарды «Автостат» агенттиги келтирет.

Кытай Орусияга жаңы унааларды жеткирген негизги өлкө. Россияга унаалардын 80 пайызы ал жактан жеткирилет. Эң популярдуу импорттук кытай бренддери болуп 23 пайыз үлүшү менен Chery, Changan (10 пайыз), OMODA (9 пайыз), Geely (8 пайыз) жана EXEED (7 пайыз) болуп саналат.

Россияга Казакстандан кирген унаалардын үлүшү 7,5 пайызды түздү. Ал эми Кыргызстандан 5,8 пайыз, Беларус өлкөсүнөн 2,5 пайыз, Армениядан 1,6 пайыз жана Бириккен Араб Эмираттарынан 1 пайыз унаа экспорттолгон.

 «Автостат» агенттигинин эксперттери жыл аягында Казакстандан келген унаалардын саны кыйла кыскарганын жана Кыргызстан азырынча негизги «транзиттик коридор» болуп кала берерин белгилешет.

Колдонулган унаалар боюнча абал бир аз башкача. Мында лидер болуп Япония өлкөсү саналат. Анын үлүшү 54 пайызды түзөт. Экинчи орунда Армения (14,3 пайыз), андан кийин Беларусь (11,3 пайыз), Түштүк Корея (7,2 пайыз), Кыргызстан (4,6 пайыз) жана Германия (2,9 пайыз) турат.

Айдалган унаалардын арасында Орусияга эң көп импорттолгон бренд Toyota болуп саналат, анын үлүшү  27,4 пайызды түзөт. Андан кийин Honda (16 пайыз), Kia (7 пайыз), BMW (6,5 пайыз), Nissan (6,3 пайыз) жана Hyundai (5 пайыз) унаалары турат.

Эң көп окулган жаңылыктар