15:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Вице-мэр кайсы учурда автобустардын айдоочулары жумуштан алынарын билдирди

Эгерде коомдук транспорттун айдоочусу жол эрежесин бузса жана ылдамдыкты ашыра айдаса, ошондой эле анын үстүнөн үчтөн ашык даттануу түшсө, иштен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов кол алдындагыларга билдирди.

Ал шаардын профилдик кызматтарды абийирсиз айдоочуларды жумуштан бошотууга чейин тиешелүү жаза чараларын камсыздоого чакырды.

Борбор калаанын башчысынын орун басары жүргүнчүлөргө орой мамиле жасаган айдоочулар да иштен алынарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Максатбек Сазыкулов Бишкекте автобустар саатына 60 чакырымдан ылдам жүрө албай турганын маалымдаган. Анын айтымында, мэриянын адистери атайын программалык комплекс иштеп чыгышты. Ал кайсы автобус ылдамдык режимин, жүрүү аралыгын бузганын, кескин токтоп же ордунан жылганын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ал жаңы автобустарга ылдамдыкты чектөө программасы орнотулганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар