Канттын «Абдыш-Ата» клубу АФКнын Кубогунун төртүнчү турунда Тажикстандын «Равшан» командасын жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.
Бишкекте өткөн беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, голду 49-мүнөттө Айзар Акматов киргизди.
«Абдыш-Ата» 10 упай топтоп, Е тобундагы турнирдик таблицада биринчи орунду ээледи.
Бешинчи турда Кыргызстандын клубу Түркмөнстандын «Алтын-Асыр» командасына каршы ойнойт.
Белгилей кетсек, кийинки турга топтун жеңүүчүсү гана чыгат.