22:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Шайлообек Атазов президент жана УКМКнын төрагасына кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов өзүнүн Facebook баракчасында акыркы эки күндөн бери ага карата каралоо жүрүп жатканын айтып, президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден аны кабыл алып, угуусун өтүндү.

Депутат Свердлов району боюнча шайлоо учурунда анын тарапташы болгон адамдарды бир нече күндөн бери убактылуу кармоочу жайына киргизип, 3-4 сааттан кыйноого алып жатышканын белгиледи.

"Мага айткан маалымат боюнча, шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти", — деп жазды Шайлообек Атазов.

Ал "кудайдын, элдин, досторунун, спортчулардын, жаштардын, массалык маалымат каражаттарынын колдоосу менен" Жогорку Кеңештин депутаты болгонун айтты.

"Финансы маселеси боюнча, көп достордон карыз алдым. Үгүт иштерди жүргүзүү учурунда 74 жерде жолугушуу өткөрдүк. Программаларды ар бир үйлоргө жеткирүүгө аракет кылдык. Кыйынчылык көп болду. Кудайга жалындык жана элге таяндык. Ал эми Матраимов Райымбек Исмаилович боюнча айтсам. Ал киши спорттун көп түрүнө жардам берип келген. Мени спортчу катары сыйлап жүрдү. Акыркы учурда тренер катары жардам берди. Мелдештерге бокс боюнча спортчуларды жөнөттү. Мамлекет тараптан жетишпей калган маселелер бар: дары-дармеги, жаракат алуу, жол кире, кийими баарын колдоп берчү. Таиланд, Монголия, Беларусь, Иордания, Россия жана башка өлкөлөргө барып, өлкөбүздүн желегин көтөрүп келдик.. Бирок, бизнесте байланыштыгым болбоду", — деп белгиледи депутат.

Депутат кыргыз спортун өнүгүүсү үчүн 24 жыл өмүрүн арнаганын да билдирди. Бокс боюнча спорт чебери, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болгонун, ондогон спорт чеберлерин, миндеген патриот жаштарды тарбиялап,  2008-жылы "Дене тарбия жана спорттун отличниги" наамын, ошондой эле президент Садыр Жапаровдон "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер" сыйлыгын алгандыгын белгиледи.

"Окуучуларымдын ийгиликке жетүүсү үчүн кандай гана инсандарга барып жардам сурабадым. Убагында Жыргал Саматов, Мелис Мырзакматов, Мамасадык Бакиров жана башка көптөгөн адамдар жардам беришти. Спорт үчүн ким жардам берсе мен ага рахмат деп айтам. Саясатта өз жолум бар", — деп түшүндүрдү Атазов.

 Негизи эле Райымбек Исмаилович бир күн өзү тизмелеп, кайсы чиновнике, депутатка, спортчуга жардам берип жүргөнүн айтып койсо жакшы болмок.

Шайлообек Атазов

Ошондой эле Шайлообек Атазов ага карата болгон каралоону Кыргызстандагы Профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн текшерүү менен байланыштырды.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич. Болуп жаткан окуяларды сиздерге жеткирген топтор бурмалап жатат деп билем. Адилетүүлүк, чындык деп жүрүп журт башына келдиңиздер. Учурда болуп жаткан каралоо боюнча адилеттүү карап бериңиздер. Мен да сиздердей болсом деп ар дайым элим, жерим, чындык деп кээ бир министрлерге бетке айтып жаман көрүнүп жүрөм. Эки жылда көптөгөн иштерди жасадым. Ийгиликтериме негизинен сиздердин колдооңуздар бар. Сиздерге кирип, чындыкты айтууга уруксат берсеңиздер. Мени кабыл алгандан кийин дагы чындык болбосо, баарын тагдырдан деп билем", — деп жыйынтыктады Шайлообек Атазов.

Эске салсак, бүгүн президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов өзүнүн Facebook баракчасында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен кримтөбөл Кадырбек Досоновдун (Женго) телефон аркылуу сүйлөшүүсү делген аудиону жарыялады.

Эң көп окулган жаңылыктар