02:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Камчыбек Ташиев Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов менен жолугушту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуу бүгүн болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Мунарбек Сайпидинов инстаграмдагы баракчасы аркылуу Камчыбек Ташиевге кайрылып, жеке кабыл алуусун суранып, саясый куугунтуктоого даттанган.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК башчысы Сайпидиновдун арызын угуп чыгып, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы баардык маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын койду. Өз кезегинде Камчыбек Ташиев УКМК саясаттын тышкары деп баса белгилеп, саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбегендигин билдирди», — дейт мекеме.

Мунарбек Сайпидинов Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Эң көп окулган жаңылыктар