19:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Тилек Матраимовдун ордуна Мурадин Тешебаев менен Нурлан Абдраев ат салышууда

Кара-Суу районунун акиминин ордуна Мурадин Тешебаев менен Нурлан Абдраев көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абраимов билдирди.

Анын айтымында, алардын талапкерлиги өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү.

Мурадин Тешебаев Жарасул Абраимовдун аппаратын жетектейт. Ал эми буга чейин Кара-Суу районунда акимдин орун басары болуп иштеген.

Кара-Суу районунун мурдакы акими Тилек Матраимов октябрда кызматтан алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар