23:58
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сот Матраимовдордун журналисттерге каршы териштирүүсүн токтотту

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», «24.kg» медиаларына жана журналист Али Токтакуновго каршы доосу боюнча иш кыскартылды.

Мындай чечим кечээ 27-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда кабыл алынганын «Азаттык» радиосуна юрист Акмат Алагушев билдирди.

Анын айтымында, буга Матраимовдордун доо арыздан баш тартканы себеп болду:

«Бүттү, жабылды деп айтсак болот. Эч ким арыздана албайт. Кийин бул маселе боюнча башынан доо арыз берүүгө мүмкүнчүлүк жок».

Эң көп окулган жаңылыктар