00:57
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шаиста Шатманова: Матраимовдор темасын козгобо деген эскертүү болду

«Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу телефон аркылуу эскертүү болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындай сунуш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен видеомаек уюштуруу максатында суроолорду аталган дарекке алдын ала жөнөткөндөн кийин берилген.

«Таң калычтуу дегеним, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго берилүүчү суроолордун катарында Матраимовго байланыштуу бир нече суроолор, алардын катарында Талант Мамытов Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп жүргөн адвокатты Сот кылып дайындаганы тууралуу да суроо бар болчу», — дейт Шаиста Шатманова.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума