12:17
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Камчыбек Ташиев бизнесмендерди криминалга акча бербөөгө чакырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бизнесмендерди, чет өлкөлүк инвесторлорду, ресторандардын, базарлардын ээлерин жана соодаргерлерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча бербөөгө чакырды. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла», — деп жазды УКМКнын башчысы.

Ал мындан ары крим чөйрөсүнө бергендер да, крим чөйрөсүмүн деп коркутуп акча алгандар да жазаланарын билдирди.

«Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт», — деп белгиледи ал.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаевдин криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар