Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу кыргызстандык спортчу автомотоспорт боюнча Азия-Тынч океан регионунун чемпионатында алтын тагынды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Улукбек Байзаков Куала-Лумпурда өтүп жаткан автоспорт боюнча Азия-Тынч океан аймагындагы чемпионатта «автослалом» категориясында биринчи орунду ээледи.
Улукбек Байзаков Кыргызстандын спорт чебери.
Автомотоспорт боюнча Кыргызстандын командасы тарыхта биринчи жолу Азия жана Тынч океан чемпионатына катышканы белгиленет. Мелдешке 27 өлкөнүн командалары катышкан.