21:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ЭлТРдин «ПолитКлиникага» каршы доо арызы жарым-жартылай канааттандырылды

ЭлТР телеканалынын «ПолитКлиника» медиасына каршы доо арызы сотто жарым-жартылай канааттандырылды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими 25-сентябрда чыкты.

«ПолитКлиниканын» маалыматына караганда, сот талаш жараткан көрсөтүүдөгү журналисттин сөздөрүн төгүндөө чечимин чыгарды. Доогердин башка өтүнүчтөрү канаттандырылган жок.

ЭлТР «ПолитКлиниканы» «ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп» деген видеосуна байланыштуу 20-февралда сотко берген. Телеканал арызында «ПолитКлиника» бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген деп билдирген.

«ПолитКлиника» ЭлТРдин айыптоолорун четке кагып, материал ачык булактардан алынган маалыматтардын негизинде жасалганын билдирип, доону сөз эркиндигине басым деп баалап келет.

Доогер тарап моралдык зыян үчүн 10 миллион сом (медианын өзүнөн 7 миллион, журналисттен 3 миллион сом) талап калган.

Эң көп окулган жаңылыктар