08:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

2023-жылы Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 3,8 пайызды түзөрү болжолдонууда

Кыргызстандын экономикасы үстүбүздөгү жылы алтын өндүрүүнүн басаңдашынан жана тейлөө чөйрөсүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө карабастан айыл чарбасына аба ырайынын терс таасиринен улам жайыраак темп менен өсөт. Бул тууралуу кезектеги "Азияны өнүктүрүү баяндамасында" айтылды.

2023-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 3,8 пайызды түзөрү белгиленүүдө. Азия өнүктүрүү банкынын мурунку болжолу 4,5 пайыз болгон. Быйылкы жылдын алгачкы жети айында экономиканын өсүшү күтүлгөндөн жай болгон.  2024-жылы экономиканын өсүү темпи бираз ылдамдап, 4 пайызды түзүшү күтүлүүдө.

«Болжолдун капиталдын агып чыгышынан улам, ошондой эле Россия Федерациясында болжолдонгондон төмөн экономикалык өсүштөн, акча которуулардын кыскарышынан же кайрадан санкциялардын киргизилиши коркунучунан улам төмөндөө тобокели бар. Бул контекстте өлкөнүн өсүү потенциалын жогорулатуу жана келечектеги толкундоолорго туруктуулукту бекемдөө үчүн саясий реформаларды улантуу зарыл», ‒ деди АӨБдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву.

АӨБ 2023-жылдын биринчи жети айында азык-түлүккө жана энергияга болгон дүйнөлүк баалар түшө баштаганда инфляция төмөндөгөнүн белгиледи. 2023-жылы болжолдонгон жылдык инфляция 12 пайыз деңгээлинде калат жана 2024-жылы 8,6 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүүдө.