18:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Антониу Гутерриш Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин белгиледи

Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Антониу Гутерриш Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин, анткени ал өлкөгө уюмдун баш катчысы катары гана эмес, бир нече жолу баргандыгын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү маселелери боюнча жакшы иштерди жүргүзүп жатат жана бул багытта биргелешкен иштерди улантууга даяр. Ал ошондой эле БУУ Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө — Кыргызстандын келечекке болгон көз карашынын негизги элементи экенин белгиледи. Ал жаңы геосаясий шартта Борбор Азиянын ролу жана мааниси эселеп күчөп жатканына басым жасады. Андыктан, аймактагы өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөө ― Кыргызстан үчүн эң жогорку артыкчылыкка ээ.

Президенттин айтымында, Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюу жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аймактык талаштарды чечүүдө жана тынчтык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам.

Мындан тышкары, Өзбекстан жана Кытай менен бирге темир жол куруу долбоору аймактын инфраструктурасын жана транспорттук байланыштарын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын өзгөчө белгиледи. Кыргызстан туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык рейтингдерде жогорку орунду ээлей турганын билдирип, бирок иш аягына чыга электигин моюнга алды. Кыргызсатн эл аралык укукка, улуттук кызыкчылыктарга жана конструктивдүү диалогго таянуу менен бул максаттарга жетишүүнү улантууга умтулат.

Өлкө башчысы климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүк жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча Кыргызстандын активдүү иштерин белгиледи. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн азайтуу боюнча демилгелерди колдоорун, ошондой эле эл аралык коомчулукту тышкы карызды «жашыл» демилгелер менен алмаштырууга чакырарын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар